Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу.

2017-03-09 18:19:59 505

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу. Кыргыз Респбликасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3-мартында КРдин Жогорку Советинин чечими менен бекитилген . Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн рухий байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айланпага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт . 2017-жылдын 3-мартында ОшМУнун башкы имаратынын алдында КРдин Мамлекеттик Туу күнүнүн 25-жылдыгына карата өткөн иш –чарага Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучу –профессордук курамы жана студенттери катышып келишти . Андан кийин факультетибиздин имаратында студенттердин арасында мамлекеттик туунун маңызы ,тарыхы жөнүндө түшүндүрү иштери алып барылды .