• ФАКУЛЬТЕТ

ФАКУЛЬТЕТ


ОшМУда Кытай Эл Республикасынын билим берүү мекемелери менен биргелешкен структура ачуу маселеси бир топ жыл мурун эле көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келген эле. 2011-жылы профессор К.А.Исаковдун ОшМУга ректор болуп келүүсү менен бул багытта активдүү сүйлөшүүлөр башталат. 2012-жылдын 13-сентябрында ОшМУнун ректору К.А.Исаков Бишкекте Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Синьзян педагогикалык университетинин финансы боюнча көзөмөлдөөчүсү Го Вей Дун жана Бишкектеги Конфуций институтунун директору Ван-Джи мырзалар жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, ОшМУда Кыргыз-Кытай биргелешкен Конфуций билим берүү институтун ачууну макулдашат. [1] Макулдашууларга ылайык, Конфуций институнда 300гө жакын жаштар Кытай тили жана адабиятын, маданиятын таануу, кытай тилинин котормосу жана котормо таануу, кытай экономикасын, бизнес сырларын үйрөнүү багыттары боюнча билим алышары белгиленген. Макулдашууда Кыргыз тараптан окутуучуларды, студенттерди Кытайдан стажировкадан, практикадан, курстардан өткөрүү да каралган. ОшМУда ачыла турган Конфуций институту башка институттардан өзгөчөлүү, заманбап шарттар менен камсыздалары да чечилген.

Ушул эле жылдын 19-сентябрында Кытайдын Үрүмчү шаарында Синьзян педагогикалык университетинин ректору Вали Барат жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ошто Конфуций институн түзүү боюнча макулдашуучу келишимге кол коюшту. Келишимдин негизинде Кытай тарап каржылоонун 1-этабында институттун материалдык-техникалык базасын уюштурууга 100 миң доллар каражат жана миң даана эң зарыл окуу китептерин берүү милдеттенмесин алышты. Бөлүнгөн каражат окуу эмеректерин, техникалык каражаттарды сатып алууга жана окуу корпусун жасалгалоого, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө жумшалары көрсөтүлгөн.



Кыргыз-Кытай факультетинин ачылуу аземи

Институт өз алдына Кыргыз-Кытай достук мамилелерин чыңдоо, эки элдин ортосундагы билим берүү, маданий тажрыйбаларды алмашуу, Кыргызстандагы каалоочуларга Кытай тилин үйрөтүү жана маданиятын тааныштыруу

максаттарын койгон. Жогорудагы макулдашууларга ылайык, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана билим берүү жаатындагы мамилени чыңдоо максатында Бээжиндеги Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы (кытай тилин жана маданиятын жайылтуунун Мамлекеттик канцеляриясы) менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде (23.01.2013ж.) расмий ачылган.

Институттун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн ОшМУ менен Синьцзян Педагогикалык Университетинин ортосунда Конфуций Институтун ачуу боюнча атайын келишим да түзүлгөн (1.02.2013ж.).



(ОшМУнун ректору Иаков К.А. - Конфуций Институттардын башкы башкармалыгынын жетекчиси Сюй Лин айым, Пекин-2013 ж, ОшМУда Конфуций Институтун ачуу боюнча кол кою аземи)

Жогоруда айтылган келишимдердин негизинде ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ОшМУнун алдындагы Конфуций Институтун түзүү жана анын Уставын бекитүү чечими кабыл алынып, 532300 “Кытай таануу”, 531100 “Кытай тили” (бакалавр) багыттары боюнча адистиктер ачылат (ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин № 5- отуруму 20.02.2013-ж.).

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин Ош шаарынын Бөрүбай уулу Асылкан көчөсүндөгү № 2 дарегиндеги окуу имаратын Кытай тараптан келген долбоорлоочулар менен ОшМУнун кызматкерлери оңдоп түзөөдөн өткөрүүнү башташты. 2013-жылдан ОшМУнун Конфуций институтуна алгач 4 тайпа (108 студент) кабыл алынып, билим берүү ишмердүүлүгүн баштады. ОшМУнун курамында Конфуций институтунун иштеп башташы менен ОшМУнун Кытай Эл Республикасынын ортосундагы байланыштар жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

2016-жылдан баштап, Конфуций институту эл аралык программаларды ишке ашыруу менен алектенүүчү структура катары каралып, окуу процессин толук кандуу уюштуруу, сапатын жакшыртуу максатында жана студенттердин контингентинин көбөйгөндүгүнө байланыштуу ОшМУнун Уставынын 1.15 жана 2.3 пункттарынын негизинде Кыргыз-Кытай факультети (ККФ) болуп кайрадан түзүлөт. Факультетте 3 баскычтуу билим берүү системасын кийирүү максатында 2016-жылы ККФнын базасында “Котормо иши” орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистиги жана 2018-жылы “Лингвистика” , 2019-жылы “кытай таануу” багыттары боюнча магистратура ачылды.



Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун Кеңешбекович

Факультеттеги баардык билим берүү программалары боюнча кытай тилине байланышкан сабактарды тилди алып жүрүүчү ыктыярчы-окутуучулар (КЭРден келишкен) тарабынан берилгендиги, түштүк аймагындагы кытай тилин үйрөнүп жаткан бардык жарандар кытай тилин билүү деңгээли (HSK) боюнча тест-борборуна келип сынак тапшыргандыгы; Кытай Эл Республикасына окууга тапшырууда факультет аркылуу катталып, окууга баргандыгы, кытай тилин окуп жаткан студенттери үчүн Кытайга жайкы лагерь уюштургандыгы факультеттин өзгөчөлүгү болуп эсептелинет.

Институт негизделгенден баштап эле, кыргыз тараптан жетекчи болуп эл аралык байланыш тармагынын PhD доктору Айтикеев Токтосун Кеңешбекович, ал эми кытай тараптан болсо профессор Го Вэй Дун мырза дайындалган. Ал эми 2015-жылы Кытай тараптан Лю Вейчен мырза дайындалып мооноту буткондугуно байланыштуу 2017 жылы Го Вэй Дун мырза кайрадан дайындалган. Конфуций Институттардын Штаб-квартирасынын 24.02.2020 ж. № 33 катынын негизинде, ОшМУнун Конфуций Институтунун кытай тараптан директору Гуо Вэй Дун Конфуций Институтунун кытай тараптан директор кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна 2 жылдык мөөнөт менен Ван Чжэ Конфуций Институтунун кытай тараптан директор кызмат ордуна дайындап келди.

Институтта алгач “Кытай тили жана кытай таануу” кафедрасы негизделип, аны филос.и.к., доцент Манашов Мирлан Эсенбаевич жетектеген. Кафедранын ПО курамын, кытай тилин жана маданиятын жогорку деңгээлде чет жактан окуп үйрөнүп келген кадрлар билим бере башташкан.

Кыргыз-Кытай факультетинин заманбап окуу корпусу жана жатаканасы 2016-жылы ОшМУнун жана КЭРдин Ханьбань фондунун каржылоосунда (1100 000 АКШ доллары) жаңыдан заманбап курулуш стандарттары менен курулуп пайдаланууга берилген.

Окуу процесси жаңыдан башталгандан баштап эле, студенттерге татыктуу билим берүү менен факультеттин жалпы жамааты, студенттери коомдук иштерге жан дили менен активдүү катышып келишет. Факультеттин студенттери өздөрүн эл аралык, республикалык масштабтагы өткөрүлгөн ар түрдүү таймаштарга катышышып, ар дайым алдыңкы орундарды багындырып келишет.

2017-жылдын жыйынт ыгы менен ОшМУнун Конфуций институту Дүйнө жүзүндөгү 600гө чукул Конфуций институттарнын ичинен “Дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы Конфуций институту” жана “Үлгүлүү HSK тест борбору”, ал эми ректор К.А.Исаков “Эң мыкты жетекчи” деген сыйлыктарга ээ болду.

Ошону менен бирге факультет 2017-2018-окуу жылында 531100 “Лингвистика” (Кытай тили), 532300 “Кытай таануу” (бакалавр), “Котормо иши” орто кесиптик билим берүү багыттары боюнча EDNET, IAAR, АООПО көз карандысыз агенттиктери тарабынан ийгиликтүү аккредитациялоодон өткөрүлдү.

10-декабрда Кытайдын Чанша шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу аземинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили окутуучусу Маратбек Абдыкулов «Мыкты жергиликтүү кытай тили окутуучусу» сыйлыгына ээ болду. Дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндөгү кытай тили окутуучуларынын арасынан Испания, Россия , Пакистан өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандан бул сыйлыкка ОшМУнун окутуучусу татыктуу болуп олтурат. Абдыкулов Маратбек 2017-жылдан тартып Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет.

Азыркы учурда Кыргыз-кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун Кеңешбекович факультетти жетектөө менен бирге факультеттин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда, жумуш берүүчүлөр, билим берүүдөгү башкаруу органдары жана мекеме ишканалар сыяктуу тараптар менен тынымсыз алгылыктуу иштерди алып барууда. Мисалга алсак, КЭРдин 68-ден ашуун ЖОЖдору менен ар тараптуу келишимдерди түзүү менен алардын негизинде факультеттин студенттеринин Кытайдын алдыңкы ЖОЖдорунда кытай тили боюнча стажировкадан өтүп келүүсүнө жана факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн магистратурада, окутуучулардын докторантурада билимин улантуусуна көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүүдө.



(Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери Кытай Эл Республикасында стажировкада)

2018-2019-окуу жылында факультеттин М.Э.Манашов жетектеген “Кытай тили жана кытай таануу” кафедрасынан бөлүнүп “Кытай котормо таануу орто кесиптик билим берүү” кафедрасы түптөлүп, ага т.и.к. Султанбаева Майрамкан Джаналиевна дайындалды. Факультеттин дагы бир өзгөчөлүгү болуп, ПО курамынын чет жактарда билим алып келген жаш окутуучулардан куралгандыгында. Декандын окуу иштери боюнча орун басары кызматында Үсөн уулу Маматайир, тарбия иштери боюнча орун басары кызматында Каримов Кыяз иштешет.



Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулук курам

Учурда Кыргыз-кытай факультетинде магистратура академиялык даражасы боюнча “Лингвистика” (кытай тили), “Кытай таануу, “Лингвистика”, “Кытай таануу” (кытай тилдери бакалавр) , “Котормо иши” орто кесиптик билим берүү программалары боюнча студенттерге билим берилүүдө.

Ошону менен бирге факультеттин ПО курамынын илимий потенциалын жогорулатууга бир топ жакшы шарттар түзүлгөн. Бир топ окутуучулар, азыркы учурда КЭРдин жана республиканын ЖОЖдорунда магистратура жана PhD докторантуларында билим алышууда:

Илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан окутуучулар кытай тили жана Кытайдын маданиятына, экономикасына, философиясына байланышкан темаларда изилдөө иштерин алып барышууда.

Кыргыз-кытай факультети КЭРдин бир топ ЖОЖдору менен тыгыз байланышта иш алып барат жана учурда алар менен ар түрдүү максаттагы бир топ келишимдерге кол коюлган. Анын негизинде ушул күнгө чейин факультеттин ПО курамы жана студденттери КЭРдин бир топ окуу-жайларында тажрыйба алмашып жана билим алып келишүүдө.

2013-2021-жылдары ичинде Кыргыз-кытай факультетинин ПО курамынын сырткы академиялык мобилдүүлүгү тууралуу маалымат:

- 2014-2015 -окуу жылында - 3 окутуучу;

- 2015-2016 -окуу жылында - 7 окутуучу;

- 2016-2017 -окуу жылында - 9 окутуучу;

- 2017-2018 -окуу жылында - 11 окутуучу;

- 2018-2019 – окуу жылында – 15 окутуучу;

-

-


Ал эми КЭР тараптан келишим боюнча ар окуу жылында 19 окутуучу жана 10 дон ашык окутуучу-ыктыярчылар, практиканттар жөнөтүлөт.

2013-2021-жылдар ичинде Кыргыз-кытай факультетинин студенттеринин сырткы академиялык мобилдүүлүгү тууралуу маалымат төмөндөгүчө:

- 2013-2014-окуу жылында - 15 студент;

- 2014-2015 -окуу жылында - 25 студент;

- 2015-2016 -окуу жылында - 49 студент;

- 2016-2017 -окуу жылында - 24 студент;

- 2017-2018 -окуу жылында - 37 студент.

- 2018-2019 – окуу жылында – 31 студент

- 2019-2020 – окуу жылында – 48 студент


Кыргыз-кытай факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы, алгачкы бүтүрүүчүлөр, окууну аяктаган соң, 2017-жылдын ноябрь айында түптөлгөн. Тиешелүү багыттар боюнча 2017-2021-жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн базасы түзүлгөн жана алар менен тынымсыз байланыш вичат социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлүп турат.

2017-2021-жылдар ичинде Кыргыз-кытай факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн КЭРге магистратурга окуусу тууралуу маалымат төмөндөгүчө:

- 2017-2018 -окуу жылында - 38 студент.

- 2018-2019 – окуу жылында – 27 студент

- 2019-2020 – окуу жылында – 22 студент


Факультетте салтка айланган бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуу күнү алгач 2018-жылдын 12-февралында жана экинчи жолу 11-августунда өткөрүлдү. Жолугушууда эки багыттын НББПларын ишке ашурууда кемчиликтерди аныктоо, бүтүрүүчүлөрдүн билимдерине канааттануусунун деңгээлине баа берүү, алардын жумуш менен камсыздалышы тууралуу маалымат жашыруун сурамжылоо жолу менен алынып, жыйынтыктары анализденди.

 
  
 
  
   
   



Алгачкы бүтүрүүчүлөр, 2017-жыл



[1] Ош, 2012, 14-сентябрь. / Кабар/.