2024-12-06 16:49:25 21
Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучуcу Акылбек уулу Эрланбек 3-курсунун КЭМИ-1-22 тайпасына ачык сабак өттү. Ачык сабак HSK3 标准教程 окуу китебинин 5-сабагынын алкагында болду. Ачык сабак учурунда студенттер 照顾,为,最近,感冒 ж.б. негизги сөздөрдү өздөштүрүштү, жана ошондой эле грамматикалык бөлүмдө “越来越”, “了” темасы өтүлдү. Окутуучу тараптан сүрөт аркылуу сөздүн маанисин чагылдыруу, ооз эки мисал түзүү, сөздөрдөн сүйлөм жасоо, сүрөт менен иштөө сыяктуу усулдар колдонулду. Сабактын аягында студенттер түшүнбөй калган учурлар талкууланып, сабакты бышыктоо максатында студенттерге тапшырма берилди. Ачык сабакка Кыргыз-Кытай факультетинин Кытай таануу жана кытай тили кафедрасынын окутуучулары Алымбекова Венера, Абдыкаарова Турдукан, Алтынбеков Авазбек, Шеранова Нуржамал, Мухтарбек кызы Нурпеил, Эргешова Айжамал, Адилет Жусуп кызы Нурзиректер катышышты жана сабактын жетишкендери, кемчиликтери жөнүндө өз пикирлерин билдиришти.