2024-11-28 17:56:24 3
Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Нанькин шаарында өтүп жаткан "ЖОЖдор арасындагы билим берүү жана илим изилдөөдө кызматташуу” аттуу эл аралык форумуна ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т.Усон уулу, МФТИТ институтунун директору Б. Азимов, Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Э.Акылбек уулу катышты. Мындан сырткары ОшМУнун ректору К. Кожобеков менен буга чейинки түзүлгөн Чженхэ институтунун келишимдеринин алкагында бир нече окуу жай, корпорациялар менен жоолугуп, 2+2 кош диплом, студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү, илим изилдөө иштери, долбоорлор менен иштөө, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.