"Тил биримдиктин жана маданияттын башталышы" аттуу интеллектуалдык сынакта 3-орунду багындырдык

2024-04-11 03:09:27 29

8-апрель ОшМУнун 85 жылдыгына карата уюштурулган "Тил биримдиктин жана маданияттын башталышы" аттуу интеллектуалдык сынакта Кыргыз-кытай факультетинин 1-2-курстарынын студенттери өз чеберчиликтерин көрсөтүп, 9 команданын ичинен 3-орунду алгандыгы үчүн грамота жана баалуу белектер менен сыйланды. Ошондой эле "Мыкты поэзия" аттуу номинацияны жеңип алышты.