Кыргыз-кытай факультетинин студенттери стол тенниси боюнча 3-орунду алышты

2024-03-26 02:42:45 41

Кыргыз-кытай факультетинин студенттери Жумагүл Рустамова жана Эркингүл Нурланалы кызы стол тенниси боюнча 3-орунду алышты. Мелдеш Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлдү. Спорттук иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Спортчу кыздар стол тенниси менен мектеп курагынан бери алектенет. Буга чейин студенттери спортакиадаларга катышып, байгелүү орундарды алышкан.