волейбол мелдешинде 2-орунду багындырдык

2024-03-26 02:40:05 46

ОшМУда эмгектенген айымдар ортосунда факультеттер жана колледждер аралык волейбол мелдеши өткөрүлдү. Спорттук мелдеш 8-март Аялдардын эл аралык майрамына жана ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата уюштурулду. Ага жалпы 18 команда катышты. Жыйынтыгында факультеттер арасында Кыргыз-кытай факультети 2-орунду багындырды. Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Досумбетова Ызатгул турнирдин мыкты оюнчусу деп табылды.