КЫРГЫЗ ЖАНА КЫТАЙ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

2024-02-03 04:43:45 43

Министр Догдуркүл Кендирбаева 1-февралда кыргыз делегациясынын Сиань шаарына болгон иш сапары учурунда Түндүк-Батыш университетинин жетекчилиги менен химиялык инженерия, археология боюнча адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн карады. Симпозиумда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Гүлзат Исаматова жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришип, Түндүк-Батыш университети менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюшту. Түндүк-Батыш университетинин алдындагы мектепке барганда министр окуу жайдын жетекчилиги менен кыргыз жана кытай мектептеринин байланышын чыңдоонун алкагында Бишкек шаарындагы №95 мектепте STEM лабораториясын ачуу пландарын талкуулашты.