Синьцзян педагогикалык университетинин өкүлдөрү ОшМУга келди

2024-02-03 04:39:28 35

Синьцзян педагогикалык университетинин проректору Ван Чжиюн баштаган делегациясы Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Коноктор университеттин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Маматаир Үсөн уулу баштаган кыргыз-кытай факультетинин жамааты менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров Ван Чжиюн мырзага Ош шаарындагы кытай тили мугалимдерине квалификацияны жогорулатуу курсун уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Синьцзян педагогикалык университетинин жетекчилигин ОшМУнун апрель айында өтүүчү 85 жылдык юбилейине чакырды. Ван Чжиюн мырза кытай тилин чет тили катары башка өлкөлөрдө мыкты деңгээлде окутуп-үйрөтүү, студенттердин мобилдүүлүгүн жана окутуучулардын стажировкаларын уюштуруу, илимий жаатта факультеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү Синьцзян педагогикалык университети үчүн башкы орунда турарын белгиледи. ОшМУ менен бул багытта тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди. Синьцзян педагогикалык университети ОшМУнун Кытайдагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Эки университет 2013-жылдан бери билим берүү, илим, студент, магистрант, аспирант жана окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында кызматташып келет.