ККФда КИБЕР СПОРТ боюнча таймаш уюштурулду

2023-12-30 07:23:55 46

Кыргыз-Кытай факультетинде биринчи жолу окутуучулар тарабынан студенттерге XXI кылымдын заманбап спорту болгон КИБЕР СПОРТ (же компьютердик спорт) боюнча таймаш уюштурулду. Конкурска Кытай таануу, Лингвистика жана IT-программалоо багытында окуп жатышкан студенттер катышышты. Таймашка жалпысынан 5 команда ат салышып, 1-орунга КЭМИ -1-23 тайпасына 1-даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык, 2-орунга КЛ-1-23 тайпасына 2-даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык ал эми 3-орунга КИТ 1-23 тайпасына 3- даражадагы диплом жана 1000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Андан сырткары “КОМАНДАНЫН МЫКТЫ КАПИТАНЫ”, “МЫКТЫ СТРАТЕГИЯ ТҮЗҮҮЧҮ”, “МЫКТЫ ИНГЕЙМ ЛИДЕР”, “ЭМОЦИОНАЛДУУ ОЮНЧУ”, “MVP МЫКТЫ ОЮНЧУ” жана “КРЕАТИВДҮҮ ОЮНЧУ” номинациялары тапшырылды. Оюнду уюштурууда рекламалык ролик тартып, оюндун эрежелерин киргизип, компьютердик каананы даярдап, номинацияларды түзүп даярдаган КЭМИ 1-23 тайпасынын студенти Заиров Али жана Нурдуновго алкыш айтабыз. Киберспорт – бул компьютердик оюндарынын спорттук мелдеши. Кыргызстанда алгач 2014-жылы Кибер спорт боюнча мелдеш өткөрүлүп, 2017-жылы 21-апрелде Компьютердик спорт боюнча федерациясы түзүлгөн. 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн “Азия оюндары олимпидасында” Кыргызстандын кибер спорт боюнча курама командасы катышып, алдынкы орунду ээлеген.