ОшМУнун XXXI спартакиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2023-12-28 04:01:04 55

25-декабрда Ош мамлекеттик университетинин факультеттер, колледждер, гимназия жана лицейлер аралык профессороук-окутуучулук курамдын жана кызматкерлердин ортосунда өткөрүлүүчү XXXI спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды. Спартакиаданын жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультетинин курама командасы спорттун футбол түрү боюнча 1-орун, стол теннис жана баскетбол 2-орун, ал эми валейбол боюнча 3-орунду багындырышты, жана ошондой эле кичи-футбол түрү боюнча “мыкты оюнчу” номинациясына Пазылов Тыныстан, баскетбол түрү боюнча “мыкты оюнчу” номинациясына Шамшиев Нурбек, ал эми спорттун волейбол түрү боюнча “мыкты оюнчу” номинациясына Алтынбеков Авазбек агайлар ээ болушту.