Кыргыз-Кытай факультетинин 23 студенти стипендия алды

2023-12-27 09:15:07 50

ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин окууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен, коомдук, маданий иштерде жигердүүлүгүн көрсөткөн 23 студентине стипендия тапшырылды. Ар бир студентке 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия жумуш берүүчүлөр, жеке ишкерлер жана факультететтин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү тарабынан берилди. Студенттерге ар тараптуу стимул берүүчү стипендия 3 жылдан бери берилип келет. 2022-жылы факультеттин өнөктөштөрү, жумуш берүүчүлөр Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди колдоо борбору, Кызыл-Кыя цемент заводу баштаган ишкерлер мыкты 10 студентине стипендия тапшырышкан. Өткөн жылы Кыргыз-Кытай факультети жана Конфуций институту Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди колдоо борбору менен кызматташуу келишимине кол койгон. ОшМУнун кыргыз-кытай факультети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана билим берүү жаатындагы мамилени чыңдоо максатында 2013-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө факультетте 300дөн ашуун студент билим алат. Алар Кытайдын алдыңкы ЖОЖдорунан академиялык мобилдүүлүк жана кош дипломдуу билим берүү программаларынын алкагында окуп келүүдө.