Дүйнөдөгү “Эң мыкты 1000”, Азиядагы “Эң мыкты 300” университеттин катарына кирген Кытайдын Цзянсу университети ОшМУ менен кызматташуу келишимине кол койду.

2023-12-27 09:13:12 44

Дүйнөдөгү “Эң мыкты 1000”, Азиядагы “Эң мыкты 300” университеттин катарына кирген Кытайдын Цзянсу университети ОшМУ менен кызматташуу келишимине кол койду. Келишимде студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлору каралган. Келишимге Цзянсу университетинин проректору Яо Чжэньбяо баштаган делегациянын ОшМУга болгон жумуш сапарында жетишилди. Коноктор ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, эки университет ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоо боюнча сүйлөшүштү. Цзянсу университети Кытайдагы ири эл аралык университет болуп саналат. Окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери аймактык жана улуттук деңгээлдеги илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк менен жигердүү алектенишет.