ОшМУнун Конфуций институтунда кыска метраждуу фильмдерди жана видео роликтерди Кытай тилинде дубляж кылуу сынагы өттү

2023-11-23 05:07:38 57

2023-жылдын 22-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда кыска метраждуу фильмдерди жана видео роликтерди Кытай тилинде дубляж кылуу сынагы өттү. Бул конкурс жандуу дубляж ыкмасында болуп, ар түрдүү темадагы кинолордон, сериалдардан, мультфильмдерден жана башка видео роликтерден тандалып алынган кыскача үзүндүлөргө үн тууроо, үн коштоо жөндөмүн жана тилди экспрессиялоо жөндөмү боюнча уюштурулду. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, каармандарга үн коштоодо ылайыктуу жана кайталангыс үндөр менен коштоп, сынак кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөр сыйлоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 1-орунду женген 2 командага 3000 сомдон, 2-орунду женген 4 командага 2000 сомдон, 3 орунду женген 6 командага 1000 сомдон, 8 мыкты катышуучуга 500 сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Дубляж сынагында студенттер өздөрүнүн талантын көрсөтүүсү үчүн атайын сахна жасалгаланып, үн коштоонун денгээли сапаттуу болуу үчүн жогорку сапаттагы техникалык жабдуулар менен жабдылды. Студенттер дубляждын кызыктуулугун сезүү менен бирге образга кирип, тил үйрөнүүдө үндүн айтылышы жана интонациянын маанилүүлүгүн да түшүнүшүштү. Бул дубляж конкурсу ОшМУнун Конфуций институтунун окутуучуларынын дагы бир жетишкендиктеринин бири болуп саналат. Студенттер кытай тилин эркин жана жагымдуу атмосферада үйрөнүү үчүн студенттер үчүн кызыктуураак маданий иш-чараларды уюштурууну уланта беребиз.