2023-11-21 10:45:15 72
2023-жылдын 17-ноябрь күнү ОшМУнун Конфуций институтунда экинчи жолу "Прогресске карай биргеликте алдыга умтулуу" аттуу окуу-изилдөө иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарага Кыргыз-кытай факультетинин жана Конфуций институтунун жалпы профессордук окутуучулук курамы толук катышты. Иш чаранын негизги максаты - окутуучуларды окутуунун жаңы технологиялары, усулдары жана окуу материалдары менен жакындан тааныштыруу болуп саналат. Бул жолу Луо Личенг жана Чен Вен окутуучу-волонтёрлору көргөзмөлүү сабак өтүп беришти. Сабактын аягында сын-пикирлер, сунуштар берилип, жаш окутуучулардын кесипкөйлүгүн жана педагогикалык жөндөмүн ашуруу үчүн укмуштуудай жагымдуу жагдай түзүлдү.