Кытайда кызматташуу багытында 3 меморандумга кол коюлду

2023-09-19 08:40:59 78

Кытайдын Үрүмчү шаарында 14-15-сентябрь күндөрү өткөн “Евразиялык эл аралык билим берүү” форумуна ОшМУдан инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректор Кубаныч Токторов, дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева жана ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова катышып келди. Билим берүү жана медицина тармагындагы эл аралык алмашуу жана кызматташтык боюнча форумдун алкагында Синьцзян медициналык университети менен Ош мамлекеттик университетинин, Синьцзян университетинин бейтапканасы менен ОшМУнун медициналык клиникасынын ортосунда медицина багытында жана Синьцзян педагогикалык университети менен кытай тилин окутуу жана өнүктүрүү багытында 3 меморандумга кол коюлду. ОшМУ менен Синьцзян медициналык университетинин ортосундагы меморандум боюнча кыргыз-кытай достугун чыңдоо, билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу жагынан телемедициналык платформаларды өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташуулар жүрөт. ОшМУнун медициналык клиникасы менен Синьцзян университетинин бейтапканасынын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык медициналык иштерди уюштуруу, квалификацияны жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий тажрыйба алмашуу, адистерди өз ара алмашуу жааттарында кызматташат. Форумга Кытай, Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн 12 университеттин өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты.