16 студент Кытайдын Сыюань университетинде 2+2 программасы боюнча билим алышат

2023-09-18 11:14:18 88

Кыргыз-кытай факультетинин кытай таануу, филология жана программалык инженерия багыттарында билим алып жаткан 16 студент кош дипломдуулук программасы боюнча Кытайдын Сиань шаарынын Сыюань университетине окууга аттанышты. Студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп, билим сапарына аттанып жаткан студенттерге ден соолук, окууларына ийгилик каалады. Андан сырткары учурда ОшМУда тышкы жана ички академиялык мобилдүүлүктүн кулачы кеңейип, жакшы жолго коюлуп, системалуу иш жүзүнө ашып жаткандыгын, студенттерге кең дүйнөдө билим жолун улоого өзгөчө шарттар түзүлүп, түрдүү программалар, долбоорлор аркылуу билим алмашууга мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин белгиледи. Студенттер ОшМУ менен Сыюань университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде 2+2 кош дипломдуулук программасы боюнча билим алышат. Алар буга чейин ОшМУда 1-курсту окуп, кытай тилин билүү деңгээли боюнча сынактарды тапшырып, программага катышуу укугун алышкан. Эми 2-3-курсту Сианьга барып билимин улантат. Ал эми 4- курсту ОшМУда окуп, андан кийин эки окуу жайдын дипломдорун алышат. ОшМУ Сыюань университети менен эки тараптууу кызматташуу келишимине 2023-жылдын 6-майында кол койгон. Анда биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, тажрыйба алмашууларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.