ККФнын студенттери Далянь шаарына акысыз жайкы лагерге барышты

2023-09-12 03:13:20 82

ОшМУнун Конфуций Институту жана КЭРдин Түндүк-Чыгыш финансы экономикалык университенинин Эл аралык билим берүү институнун ортосундагы келишимдин негизинде “Кытай тили көпүрөсү” жайкы окуу лагери Кытайдын Далянь шаарында 12-августтан 26-август аралыгында болуп өттү. Аземде Түндүк-Чыгыш финансы экономикалык университенинин Эл аралык билим берүү институнун деканы Дэн Лили, окутуучу Цуй, ОшМУнун Конфуций институнун атынан кытай тили окутуучусу Пазылов Тыныстан агай өз сөздөрүн сүйлөштү. Аземдин аягында Эл аралык билим берүү институнун партиялык катчысы Инь Минхэ айым өз сөзүндө Кыргызстандан келген меймандарды жылуу куттуктап ар кандай коопсуздук эрежелер менен тааныштырып, баарына ийгилик каалады. Далянь шаарындагы жайкы окуу лагерь эки апталык лагердин журушунде студенттер учун кытай тили, каллиграфиясы, кытай музыкасы, Ушу өнөрү менен жакындан таанышышты. Далянь шаарынын тарыхый, маданий, туристтик жайларына экскурсиялар уюштурулду. Эске салсак, COVID-19 эпидемиясынан кийин ОшМУнун Конфуций институту тарабынан жайкы лагерлерди уюштуруу иштери жандандырылды.