Сыюань университети менен ОшМУ кош дипломдуу билим берет

2023-07-15 11:59:03 102

Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй баштаган делегация ОшМУга иш сапары менен келди. Делегация менен ректор Кудайберди Кожобеков, Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев, «кытай тили жана кытай таануу» кафедрасынын башчысы Абдыкулов Марат жана башка окуу жайдагы структура жетекчилери жолугуп, пикир алышышты. Жыйындын жүрүшүндө коноктор Сыюань университетинин мүмкүнчүлүктөрү, байланыштары, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар боюнча атайын презентация жасашты. Иш-чаранын жүрүшүндө кытай тили, лингвистика жана IT багыттары боюнча кош дипломдуу билим берүү боюнча 2+2 келишимине кол коюлду. Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган. Жолугушуунун алкагында аталган университет менен биргеликте саркынды сууларды кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу макулдашылды. Кытай өлкөсүндө саркынды сууларды кайра иштетүү боюнча Сыюань эң алдыңкы университет болуп эсептелет. Ошондой эле Сыюань университетинде кыргыз тили жана маданияты борбору ачылуу боюнча макулдашылды. Буга чейин 2023-жылдын 6-май күнү Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койгон. Келишимге ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында жетишилген.