«Кытай тили окутуучусунун кесиптик жөндөмдүүлүгүнүн стандарттары» аталышындагы практикалык семинар

2023-06-01 09:24:05 75

2023 жылдын апрель айында Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары Абдыкулов Марат, Абдылдаева Гулшан, Акылбек уулу Эрлан, Мааткеримова Айдай, Мухтар уулу Зыяулхак, Таштанова Мээримбү Бээжин шаарындагы Эл аралык тестирлөө борбору жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган «Кытай тили окутуучусунун кесиптик жөндөмдүүлүгүнүн стандарттары» аталышындагы практикалык семинарга катышышты. Бул семинарды ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды жана Эл аралык тестирлөө борбору тарабынан 10 кредит өлчөмүндөгү үзгүлтүксүз билим берүү семинарына катышуу укугу да берилди.