Эл аралык НААР агенттигинин эксперттик комиссиясы Кыргыз-Кытай факультетинде болду

2023-05-22 09:02:12 84

17-18 май күндөрү эксперттик комиссия факультеттеги Кытай таануу (бакалавр), Лингвистика (бакалавр, магистратура) программаларын аккредитациядан өткөрүү үчүн келди, келген күндөн тартып факультеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, студенттер менен жолугушуп, маектешүүлөрдү өткөрдү. Эксперттик комиссия 2 күн аралыгында факультеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Жогоруда аталган программалар 2018-жылы "EdNet" билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги жана Эл аралык НААР агенттиги тарабынан көз карандысыз аккредитациядан өткөн, учурда беш жылдык мөөнөтү аяктап кайрадан аккредитациядан өтүп жатат.