Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү

2023-05-22 05:01:14 85

17-майда ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү өттү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери катышты. Кыргыз-Кытай факультети абитуриенттерге факультеттин артыкчылыктары, Кытайдын алдынкы университеттерине тапшыруунун шарттары жана адистиктер жөнүндө маалымат бердик.