“Кытай таануу” жана «Лингвистика» (кытай тили) багыттарынын негизги билим берүү программаларынын мазмунун кайра карап чыгуу үчүн тегерек стол уюштурулду

2023-05-05 17:09:33 248

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде “Кытай таануу” жана «Лингвистика» (кытай тили) багыттарынын негизги билим берүү программаларынын мазмуунун кайра карап чыгуу үчүн тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго ОшМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси Матикеев Талантбек Курманалиевич, Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын жетекчиси Исраилов Мирлан Кубанычович, КРнын Энергетика Министирлигине караштуу Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын Түштүк филиалынын директору Мамашев Суюнбек Асылбек уулу, Борбордук Азия Фуцзян соода палатасынын башчысы,Кытай өкүлдөрүнүн арасында Кытайдын Кыргызстандагы кытай ишкерлерине көмөк көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Сунь Хуейгун, Кыргыз-кытай өнөр жай жана тоо—кен өнөр жай ассоциациясынын башкы катчысы Ву Янтянь, Фуцзянь Борбордук Азия соода палатасынын, Түштүк соода палатасыны, Кыргыз-Кытай бириккен соода палатасынын президенти Лин Цзиндянь жана башка кытай компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле программанын бүтүрүүчүлөрү жана окутуучулар катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр тарабынан НББПнын мазмуунуна өздөрүнүн сунуштарын айтышты жана кытай тилин окуп жаткан студенттердин ишке жайгашуусу боюнча да керектүү маалыматтар берилди.