КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БОЛУП ӨТТҮ

2023-04-29 04:59:45 96

2023 - жылдын 27 апрель куну Кыргыз-Кытай факультетинде илимимий жумалыгынын алкагында «Кыргызстандагы Кытай таануу илиминин актуалдуу маселелери» аттуу илимий кече болуп өттү. Бул иш-чарада бакалавр жана магистр тепкичтеринде окуган студенттерибиз өз илимий баяндамалары менен чыгышты. Кечени «Кытай тили жана кытай таануу» кафедрасынын башчысы Абдыкулов Марат, магистратура бөлүмүнүн башчысы Алымбекова Венера ачык деп жарыялашып, илимий иш-чарага ийгилик каалашты. Бул кечеде Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери, окутуучулары катышып кызыккан суроолоруна баяндамачылардан жооп ала алышты. Айта кетсек, бул иш-чара Илимий жумалыгынын төртүнчү күнү.