КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОКУП, ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КАНТИП ОКУП КЕЛСЕ БОЛОТ?

2023-03-30 09:45:16 139

2023-жылдын 28-март күнү “Кыргыз-кытай факультетинде окуп жатып, кантип чет өлкөдө окуп келсе болот?» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул жолугушууда чет өлкөдө окуп келген студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Иш-чарада университетибизде болгон эл аралык алмашуу программалары жөнүндө баяндалып, Казахстандагы КазГУУ, ЕНУ жана КЭРдин университеттеринде окушкан студенттердин презентацияларын студенттерибиз уга алышты. Мындан сырткары азыркы учурда КЭРдин эң алдыңкы университеттеринде окуп жаткан студенттерибиз менен онлайн аркылуу байланышып, өз тажрыйбалары жөнүндө, окуу процессин уюштуруудагы айрымачылыктар жөнүндө пикир алмаша алдык. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар Кыргыз-кытай факультетинде атайын тузүлгөн графиктин негизинде байма-бай уюштурулуп турат.