ОшМУ менен Чжэцзян илимий-техникалык университетинин кызматташтыгы бекемделет

2023-03-17 03:17:12 176

Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Марат Абдыкулов КЭРдин Чжэцзян илимий-техникалык университетине иш сапары менен барды. Жолугушууда эки окуу жайдын кызматташтыгы, өзгөчө ОшМУнун базасында Лубан институтун ачуу боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде кийинки иш аракеттерди аткаруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Марат Абдыкулов Чжэцзян илимий-техникалык университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Ло мырза менен жолугушуу учурунда, ОшМУ биргелешкен билим берүү программаларын, илимий изилдөө долбоорлорун, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасын, профессордук - окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу сыяктуу, көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи. Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ортосунда 2022-жылы эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлган.