АЧЫК САБАК

2023-03-17 03:09:24 131

2023 жылдын 27 февраль, 1-март күндөрү кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучулары Шеранова Нуржамал жана Мухтарбек кызы Нурпейил ачык сабак өтүштү. Шеранова Нуржамал ФА-1-21 тайпасына биринчи чет тилинин практикалык курсу сабагы боюнча «Phrasal verbs» жана «Global warming» аталышындагы грамматикалык жана лексикалык темалар боюнча сабак өттү. Мухтарбек кызы Нурпейил КК-1-20 тайпасына экинчи чет тилинин практикалык курсу сабагы «Gerunds» аталышындагы темада ооз кепти өнүктүрүүгө багытталган ачык сабак өттү. Ачык сабактарга факультеттин окутуучулары катышып, соңунда сабактын жүрүшү, колдонулган технологиялар, ыкмалар, ар бир окутуучунун ишмердүүлүгүндө жаралып жаткан ар түрдүү суроолор боюнча пикир алмашышты.