"Аалам алпы Айтматов" аттуу интеллектуалдык иш-чара болуп өттү

2022-12-13 13:37:28 107

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде 12-декабрь "Улуттук адабият күнүнө" жана Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Аалам алпы Айтматов" аттуу интеллектуалдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага жалпысынан 4 команда катышты. Сынак негизинен 4 бөлүктөн туруп катышуучулар мыкты номинацияларга жана ошондой эле байгелүү орундага ээ болушту. 1-орун "Толгонай" командасы (2000 сом) 2-орун "Ак Кеме" командасы (1500 сом) 3-орун Жаабарс командасы (1000 сом) 3-орун "Бетме Бет" командасы (1000 сом) "Мыкты обондуу ыр" номинациясы менен Азаматбек уулу Муса сыйланса, "Мыкты видеоролик" номинациясын "Жаабарс" командасы жеңип алды.