"Кытай таануунун актуалдуу маселелери" аттуу илимий кеченин магистранттарга арналган күнү болду

2022-05-20 14:56:05 173

Кыргыз-Кытай факультетинде Илим жумалыгы уланып жатат. Бугун 18-майда "Кытай таануунун актуалдуу маселелери" аттуу илимий кеченин магистранттарга арналган күнү болду. Мында ККФнын Кытай таануу жана Лингвистика багытынын бардык магистранттары өздөрүнун илимий темаларанынын алкагында доклад жасашты. Кече гибриддик формада (оффлайн жана онлайн)өттү. Докладдардын негизинде талкуу жүргүзүлүп, илимий кече ийгиликтүү аяктады.