АЛЫСКЫ ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИН КЫРГЫЗСТАНДА МЫЙЗАМДУУ ЖҮРҮҮСҮ

2022-05-04 13:48:20 169

ОшМУнун 13.12.2021-жылдагы «Алыскы жана жакынкы чет элдик студенттердин Кыргызстанда мыйзамдуу жүрүүсү жөнүндө» Буйругунун негизинде ОшМУнун Кыргыз-Кытайфакультетинин чет өлкөлүк студенттерге мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында 2021-жылдын 14-декабрь айында чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Өзбекстан мамлекетинен келип окуган чет өлкөлүк студенттерге окуу визасын алуу жана узартуу, визаларынын мөөнөттөрү тууралуу, учетко коюу, консулдук каттоого туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгу бөлүмүнүн 2-секретары Аманбай уулу Санжарбек жана ОшМУнун чет элдик студенттер менен иштөө бөлүмүнүң башкы адисиси Далбаев Канат түшүндүрүү иштерин жана маалымат берип өтүштү.