27-апрель Кыргыз-кытай факультети Кытайдын Синьцзян педагогикалык университети жана ОшМУнун Конфуций Институту менен биргеликте эл аралык илимий семинар өткөрдү

2021-04-29 10:19:06 259

ККФда Илим жумалыгы уланууда. 27-апрель Кыргыз-кытай факультети Кытайдын Синьцзян педагогикалык университети жана ОшМУнун Конфуций Институту менен биргеликте эл аралык илимий семинар өткөрдү. Иш чаранын ачылышында ККФнын деканы Айтикеев Токтосун мырза жана Конфуций Инстутунун директору Ван Чжэ мырза куттуктоо сөздөрүн айтышып, уюштурулуп жаткан саамалыктын бардык катышуучуларга жемиштүү жана ийгиликтүү болушуна тилектештигин билдиришти. Семинар онлайн жана оффлайн форматта жүрүп жалпы катышуучулардын кызыгуусун жаратты. «Кытай тилин аралыктан окутуунун актуалдуу маселелери» аталышындагы бул семинарда Синьцзян педагогикалык университетинин профессору Ху Жунмэй, кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Абдыкулов Марат, окутуучу-волонтерлор Ло Личэн жана Жан Хайчао илимий баяндамаларды жасашып катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Иш чара суроо жооп бөлүгү менен аяктады. Эскерте кетсек 28-апрель ККФда илим жумалыгынын алкагындагы иш чаралардын улануусу күтүлүүдө.