«Улуу ойчул Конфуцийдин идеяларынын 21 кылымдагы актуалдуулугу» аттуу алимий семинар

2021-04-29 10:09:40 271

Кыргыз-кытай факультетинде илимий жумалыктын алкагында «Улуу ойчул Конфуцийдин идеяларынын 21 кылымдагы актуалдуулугу» аттуу алимий семинар болуп өттү. Иш чарага ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору медицина илимдерин доктору, профессор Осумбеков Байышбек Зияйдинович жана аспирантура бөлүмүнүн жетекчиси Анарбаева Гүлжамал Маматовна келип катышышты. Жетекчилер ачылыш аземинде окуу жайдагы жалпы илимий изилдөө иштерине токтолуп, факультеттин окутуучуларынын арасындагы изилдөөчүлөрдү белгилеп бүгүнкү уюштурулуп жаткан илимий семинарга жана илим жумалыгынын ишмрдүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Иш чаранын жүрүшүндө кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын улук окутуучусу Абдыкаарова Турдукан жана КК1-17, КК2-17 тайпасынын студенттери тарабынан илимий докладдар окулду. Семинардын аягында жалпы катышуучулардын ортосунда Конфуцийдин идеялары туурасында кызуу талкуу жүрүп, мыкты катышуучулар белектерге ээ болушту.