«Кытай поэзиясынын берметтери » аттуу кытай тилинде ырларды көркөм окуу сынагы

2021-03-20 22:46:16 269

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультети Конфуций институту менен биргеликте студенттер арасында «Кытай поэзиясынын берметтери » аттуу кытай тилинде ырларды көркөм окуу сынагын уюштурду. Сынакта жалпысынан 33 катышуучу эң мыкты көркөм окуучу наамы үчүн ат салышышты. Факультеттин таланттуу студенттери өздөрүнүн мыкты даярдыктарын далилдешип, калыстар тобунун купулунатолушту. Калыстар тобунун чечими менен: 3-орунду 1.Токтоматова Айжана 2. Асанова Айзада 3. Раимов Тынчтыкбек 2-орунду 1.Аманкелдиева Сайкал 2. Нагай Виктория 1-орунду 1. Орозова Диана 2. Заирбекова Асель 3. Даниярбек уулу Амантур, ээлеп баалуу белектер менен сыйланышты. Ал эми калган катышуучулар мыкты катышуучу катары ардак грамоталар менен сыйланышты.