2026-11-26 10:19:55 1
2026-жылдын 25-ноябрында Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетине иш сапары менен келишти. Иш сапардын жүрүшүндө келген окутуучулар англис тилин үйрөнүп жаткан филология багытындагы студенттер үчүн англис тилинде сабактарды өткөрүштү. Сабактардын алкагында окутуунун методикасы жана илимий багыттагы темалар каралып, студенттерге кесиптик жана тилдик билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар арасында педагогикалык жана илимий тажрыйба алмашуу болуп, жаш окутуучулар үчүн жаңы усулдар менен таанышууга жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Бул академиялык мобилдүүлүк эки университеттин ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.