2026-11-24 07:14:09 1
ОшМУда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча профессордук-окутуучулук курамдын рейтингинин жана ар түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Сыймыктануу менен белгилей кетсек, Кыргыз-Кытай факультетинин үч окутуучусу жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болушту: «ОшМУнун заманбап лектору – 2026» — Абдыкаарова Турдукан Момуновна; «ОшМУнун заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси – 2026» номинациясында II орун — Төрөкелди кызы Азиза; «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2026» номинациясында II орун — Таштанова Мээримбү Махмуджановна. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды. Бул жетишкендиктер — окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн, талыкпаган эмгегинин жана билим берүү тармагына кошкон салымынын натыйжасы. Факультетибиздин атын бийик көтөрүп, ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөн кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!