ОшМУнун Конфуций институтунун IX кеңешинин жыйыны өттү

2026-11-17 10:15:38 37

2026-жылдын 12-ноябрында Синьцзян педагогикалык университетинде ОшМУнун Конфуций институтунун IX кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында эки университеттин кызматташтыгынын жыйынтыктары талкууланып, институттун 2026-жылдагы ишмердүүлүгү жана каржылык отчету каралды. Ошондой эле 2027-жылга карата иш планы жана бюджети бекитилди. Тараптар кытай тилин окутууну өнүктүрүү, окутуучуларды даярдоо, академиялык алмашууну кеңейтүү жана илимий-маданий кызматташтыкты чыңдоо маселелерине көңүл бурушту. Конфуций институту кыргыз-кытай билим берүү жана достук байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп келет.