2026-11-17 04:09:13 34
Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, демөөрчү Кошбаев Арзыбек мырзанын колдоосу астында жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп келген волейбол мелдеши ийгиликтүү аяктады. Мелдешке институттун студенттери жана окутуучулары катышып, спорттук атаандаштык, командалык ынтымак жана жагымдуу маанай өкүм сүрдү. Оюндар кызыктуу жана кызуу атаандаштыкта өтүп, катышуучулар өздөрүнүн спорттук чеберчиликтерин көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кошбаев Арзыбек мырзага ОшМУнун ректору К. Г. Кожобековдун атынан факультеттин жана институттун өнүгүшүнө кошкон салымы, туруктуу колдоосу жана демөөрчүлүгү үчүн ыраазычылык кат тапшырылды. Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындай демилгелер жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, ынтымакты, биримдикти жана бүтүрүүчүлөр менен окуу жайдын байланышын бекемдейт. Кошбаев Арзыбек мырзага көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!