2026-11-12 09:44:35 26
2026-жылдын 11-ноябрында Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинде ОшМУнун алдындагы Конфуций институтунун Кеңешинин тогузунчу жыйыны болуп өттү. Жыйынга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Анвар Аким баштаган эки тараптын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда эки университеттин кызматташтыгынын жыйынтыктары талкууланып, Конфуций институтунун 2025–2026-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчет угулду. Ошондой эле кытай тилин окутууну жакшыртуу, адистерди даярдоо, окутуучулар жана студенттер арасында академиялык алмашууну кеңейтүү маселелери каралды. Жыйындын соңунда Конфуций институтунун 2026–2027-жылдарга карата иш планы жана бюджети бекитилди.