«Жаратман муун» массалык чуркоосуна Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери жана окутуучулары катышты

2026-10-27 09:28:41 4

24-октябрда ОшМУ тарабынан Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана 40 жаштан жогорку каалоочулар арасында массалык чуркоо уюштурулду. Ага 700гө жакын адам катышып, 3 чакырым аралыкка чуркашты. Иш-чарага Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери жана окутуучулары да активдүү катышып, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаштардын ынтымагын бекемдөөгө өз салымдарын кошушту. Аталган иш-чара «Жаратман муун» долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаштарды спортко кызыктырууга жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга багытталды.