2026-10-13 03:53:59 2
9-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Майрамдык салтанатта көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз-кытай факультетинин окутуучулары Каримов Кыяз жана Шамшиев Нурбек ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ардактуу окутуучуларыбызды татыктуу сыйлыгыңыздар менен куттуктайбыз! Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүздөрдө ийгиликтер арбып, билим берүү жана илим жаатындагы жетишкендиктериңиздер мындан ары да бийик болсун!