Мастер-класс

2026-05-23 03:57:14 16

Кытайдын Түндүк-Батыш Педагогикалык Университетинин доценти, Кытайдын Борбордук Улуттар Университетинин адабият илимдеринин PhD-доктору, кыргыз-кытай тил жана маданий байланыштарын изилдеген белгилүү окумуштуу Сайпидин Ысак уулу менен Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде жергиликтүү жана кытайлык кытай тили окутуучулары, ошондой эле студенттер менен бир катар жолугушуулар уюштурулду. Иш-чарада кытай тилин окутуунун заманбап ыкмалары, котормо, кош тилдүүлүк жана эл аралык билим берүү жаатындагы тажрыйбалары тууралуу пайдалуу пикирлер айтылды. Жолугушуунун соңунда агай ОшМУ боюнча жергиликтүү кытай тилчи окутуучулар үчүн атайын мастер-класс өтүп, окутуудагы жаңы методикалар жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындай жолугушуу кыргыз-кытай билим берүү байланыштарын бекемдеп, мындан аркы илимий жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түздү.