Кашгар университети менен кызматташтык

2026-05-23 03:53:19 25

Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Кашгар университетинин өкүлдөрүнүн ортосунда онлайн жолугушуу өттү. Сүйлөшүүлөргө эл аралык байланыштар боюнча проректор Курсанбек Аттокуров, Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын м.а., декандын орун басарлары жана университеттин эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети менен Кашгар университетинин ортосундагы кызматташуунун келечектеги багыттары кеңири талкууланды. Анын ичинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тил курстарын уюштуруу жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү маселелери каралды. Ошондой эле эки университеттин ортосундагы практикалык кызматташууну чыңдоо жана билим берүү, адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, Кашгар университети аймактагы ири окуу жайлардын бири болуп саналат: анда 40 миңден ашуун студент билим алып, 2300дөн ашуун окутуучу эмгектенет.