«Films and TV Programmes» темасында ачык сабак өтүлдү

2026-04-24 10:25:36 9

Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Жусуп кызы Нурзирек тарабынан 2026-жылдын 24-апрелинде ФА-1-25 тайпасына «Films and TV Programmes» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабактын жүрүшүндө заманбап педагогикалык ыкмалар, айрыкча интерактивдүү методдор натыйжалуу колдонулуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырууга жана активдүү катышуусун камсыз кылууга өбөлгө түздү. Сабак мазмундук жактан бай болуп, теориялык билимдер практикалык тапшырмалар менен айкалышта берилди. Жыйынтыгында, сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча оң тажрыйба катары бааланды.