2026-04-24 10:04:45 25
21-апрелде Ош мамлекеттик университетинде «Дүйнө элдеринин маданияты» аттуу фестиваль өттү. Иш-чарага студенттер катышып, ар улуттун маданиятын тааныштырышты. Фестивалда улуттук кийимдер, тамак-аштар, каада-салттар жана искусство көрсөтүлүп, ар кайсы өлкөлөрдүн ыр-бийлери тартууланды. Иш-чарага Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери да активдүү катышып, өздөрүнүн маданий көрсөтүүлөрүн сунушташты. Фестиваль достукту бекемдеп, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.