Кыргыз-Кытай факультетинде актуалдуу тема боюнча дебат өткөрүлдү

2026-04-17 10:38:31 50

2026-жылдын 17-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультети тарабынан Илимий жумалыктын алкагында “Социалдык медианын жаштардын психикалык саламаттыгына тийгизген таасири” аттуу дебат уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Фа1-22 жана Фа2-22 академиялык тайпаларынын студенттери активдүү катышып, берилген тема боюнча социалдык медианын жаштардын психологиялык, физикалык жана социалдык ден соолугуна тийгизген оң жана терс таасирлери тууралуу жүйөлүү пикирлерин билдиришти. Дебаттын жүрүшүндө катышуучулар социалдык тармактардын маалымат алуу, байланыш түзүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилөө менен катар, алардын ашыкча колдонулушу терс кесепеттерге алып келерин илимий негизде талдап көрсөтүштү. Жыйынтыгында, иш-чара жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүп, студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле коомдогу актуалдуу маселелерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзгөнү белгиленди.