2026-04-17 10:31:06 35
2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз-Кытай факультетинде “Ишкердик этикет” дисциплинасы боюнча ачык лекциялык сабак өткөрүлдү. Сабакты улук окутуучу Абдыкаарова Турдукан Момуновна илимий-методикалык талаптарга ылайык жогорку деңгээлде алып барды. Лекциянын жүрүшүндө башкаруу этикасынын негизги түшүнүктөрү жана уюштуруу формаларынын типологиясы системалуу түрдө түшүндүрүлдү. Окутуучу теманы логикалык ырааттуулукта баяндап, мисалдар аркылуу тактап берди. Сабак интерактивдүү мүнөздө өтүп, студенттер талкууга активдүү катышышты. Жыйынтыгында, ачык сабак натыйжалуу уюштурулуп, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталганы белгиленди.