2026-04-06 02:34:13 49
Кыргыз-Кытай факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында «Ден соолук – улут байлыгы» аттуу волейбол турнири өткөрүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Аталган спорттук иш-чарага факультеттин студенттери жана окутуучулары активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги оюн көргөзүштү. Турнирдин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү аталды: 1-орун – агайлар командасы 2-орун – 2-курс филология багытынын студенттери 3-орун – 1-курс кытай таануу багытынын студенттери Мындан тышкары, айрым катышуучулар өзгөчө жетишкендиктери үчүн атайын номинациялар менен сыйланышты: «Мыкты оюнчу», «Байланыштыруучу», «Коргоочу» жана «Чабуулчу». Бул турнир студенттер менен окутуучулардын ортосундагы ынтымакты чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана спорттук маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Иш-чаранын өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөн демөөрчү, факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Кошбаев Арзыбекке терең ыраазычылык билдиребиз.