2026-03-12 06:12:07 4
11-март күнү саат 13:00дө ОшМУнун БИМ факультетинде Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, радикализм, экстремизм жана терроризм тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Ош мамлекеттик университетинин Коопсуздук кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары жана студенттери да катышты.