2026-03-09 05:39:04 10
Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата волейбол мелдеши уюштурулуп, ага жалпы 33 команда катышты. Мелдешке Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары Аселя Абдубапова, Ызатгүл Досумбетова, Айжамал Эргешбаева жана эки студент кыз катышып, мыкты оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлешти. Алар билим берүү менен катар спортто да жигердүүлүгүн көрсөтүп, командалык ынтымак жана күчтүү дух менен баарыбызга үлгү болушту.