Кыргыз-Кытай факультетинин эжекелери – мелдештин жеңүүчүлөрү

2026-03-05 04:41:36 29

4-март күнү Ош мамлекеттик университетиде 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара майрамдын урматына уюштурулуп, окуу жайдын ар кайсы факультеттеринен түзүлгөн командалар активдүү катышышты. Мелдеш абдан кызыктуу жана атаандаштыкка бай өттү. Ар бир команда жеңишке жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Оюн учурунда ынтымак, колдоо жана командалык дух өзгөчө байкалды. Жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультетинин эжекелер командасы мыкты оюн көрсөтүп, татыктуу түрдө 1-орунду багындырды.Команданын капитаны Досумбетова Ызатгүл, Абдыкаарова Турдукан, Эргешова Гүлсара, Абдубапова Аселя, Жусуп кызы Нурзирек,Кошоева Айчүрөк оюнда активдүү катышып, команданын жеңишине өз салымдарын кошушту. Алардын чеберчилиги, ыкчамдыгы жана биримдиги жеңишке жеткирди. Бул иш-чара эжекелердин спортко болгон кызыгуусун арттырып гана тим болбостон, жамааттын ынтымагын бекемдөөгө да чоң салым кошту. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!